У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттик аппараттын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды


     
Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди
 
Маалыматка ылайык, Алмамбет Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, жана ошондой эле мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилдеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. 

«Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеп жатып, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырууга болбой турган мүлккө ээ болгон Ошондой эле А.Салиев ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган”,-деп айтылат маалыматта. 
 
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Алмамбет Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча ыкчам- тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter