Министрлик: "Сугат тутумдарынын нормалдуу иштөөсү үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок бюджет аны көтөрө албайт"
- 12.06.2021, 12:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 11-июнда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары
Абдыбай Жайлообаев сугат суунун тартыштыгы боюнча маалымат жыйыны өткөрүп, төмөндөгулөргө токтолду:
“Сугат суу маселелерин алдын алуу максатында атайын облустук штаб иш алып барууда. Себеби жергиликтүү дыйкандар өз билемдикке салып, сугат сууну буруп кетишүүдө. Биз атайын сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттарын тактап, атайын лимиттерди орноттук. Штаб мына ушул чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлгө алууда”, - дейт Абдыбай Жайлообаев.
“Сугат тутумдарын оңдоо үчүн мурдагы жылы 296 миллион сом каралган, быйыл бул сумма 163 миллионго чейин кыскарды. Негизи сугат тутумдарынын нормалдуу иштөөсү үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок бюджет аны көтөрө албайт. Акырындык менен система деградацияга учурап жатат", - деп кошумчалады ал.