У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмамбет Салиев эки айга камакка алынды


 Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалаган Алмамбет Салиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал 16-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды. 
 
Буга чейин прокурор Салиевдин баш коргоо чарасын эки айга - 16-августка чейин камакка алуу түрүндө тандоо өтүнүчү менен кайрылган.
Ал эми жактоочу Алмамбет Салиевди үй камагына чыгарууну суранды жана райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттануу ниетин билдиришти.
 
Сот отуруму судья Туратбек Бекеновдун төрагалыгы астында өттү.
Салиев 16-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter