У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирди


     
Эгерде көйгөй менде болсо, мен кызматтан кетүүгө даярмын. Бул тууралуу Улукбек Марипов парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда айтты.

“Эгер маселе менде болсо кызматтан азыр кеткенге даярмын. Мен дагы жыргап, ырахат алып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болуп жатат, биз күнү-түнү уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат – маселени чечүү, биз аракет кылып жатабыз. Бирок Өкмөттү ар алты айда алмаштыртыруу менен эч маселе чечилбейт. Айтылып жаткан сындарды туура кабыл алам. Жоопкерчиликтен качпай, канчалык сындасаңар да ого бетер иштеп бергенге даярмын”, - деди.

Буга чейин бир катар депутаттар министрлер кабинетинин башчысына ишеним көрсөтпөөнү билдиришкен. Ошондой эле алар Мариповдун ЖКнын жыйынына келбей койгонуна нааразы болушкан. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинде биринчи болуп министрлер кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарындагы сугат суусунун учурдагы абалы жөнүндө маселе каралды.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter