У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дастан Жумабеков эмгек өргүү учурунда Түркияга барганы айтылды

 

Кыргызстандын спикери Дастанбек Жумабеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты спикердин басма сөз кызматы тастыктады. Белгиленгендей, Дастанбек Жумабеков түрк тараптын чакыруусу боюнча Стамбулга барган.
 
«Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин Төрагасын жаңыланган Айя-софия мечитине барууга чакырды. Ошондой эле, сапар учурунда Түркия парламентинин спикеринин демилгеси боюнча президент Режеп Тайып Эрдоган менен расмий эмес жолугушуу болуп өттү. Дастанбек Жумабеков түрк тарапка коронавирус пандемиясынын оор мезгилинде кыргыз элине көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди », - деп билдирди редакция.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter