У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн


 Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 31-октябрда өткөрүлүшү мүмкүн дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
 
Ал өзүнүн Телеграм каналында жаңы мыйзамбын негизинде депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун окуп чыккандыгын билдирди. Эми Жогорку Кеңеш 90 мандатка ээ болот - 55 партия тизмеси үчүн жана 45 мандат округдар боюнча.
 
Бекешев жаңы мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрүн атады:
 
- "бир мандат" өзүн- өзү көрсөтүшү же партия тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн;
 
- бир эле партия Жогорку Кеӊештеги 55 орунду ээлей алат. Бекешев мыйзам долбоорунда эч кандай чектөөлөрдү көрбөгөнүн билдирди. Анын айтымында, буга чейин бир партия 120 орундан эң көп дегенде 60 мандат алышы мүмкүн болгон;
 
- партиянын жетекчилери талапкерлердин тизмесин өздөрү түзө алышат, шайлоочулар тизмеге таасир эте алышпайт;
 
-шайлоо округунан талапкер болгондор 100 миң сом күрөө төлөйт, ал эми партиядан талапкер болгондор - 1 миллион сом төлөйт;
 
- үй комитеттеринин башчыларына үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат - бул административдик мыйзамды кыянаттык менен пайдалануу деп эсептелет;
 
-саясий кызмат адамдар мындан ары кызматта турганда шайлоого катыша алышпайт. Эгер катышса, ал кызматтан кетет. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter