У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Текебаев: "Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев мөңгүлөрдү коргоп добуш беришкен, ар дайым түз позицияда келе жатышат"


Экс-депутат Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" маселеси жана саясий камоолор тууралуу "Марал" радиосуна маек берип жатып, журналисттердин "Депутаттар Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев дагы суракка чакырылды жеген маалыматка кандай карайсыз?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:

"Айып негиздүү болушу керек, жасалма болбошу керек. Укук коргоо органдарынын мотиви дагы бийик, мамлекеттик кызыкчылыкты, мыйзамды коргоо болушу керек, өзүнүн саясий кызыкчылыгын коргоо болбошу керек. Ал эми аты аталган депутаттар балким күбө катары чакырылышы мүмкүн бирок алардын позициясы белгилүү, биз баарыбыз билебиз. Мөңгүлөрдү коргоп добуш беришкен, ар дайым түз позицияда келе жатышат" деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter