У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Бабанов Кумтөр ишинде өзүн күнөөлүү деп эсептебейт


     
Өмүрбек Бабанов Кумтөр ишинде өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Анткени ал эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Бул тууралуу жактоочусу Амантур Абдырахманов билдирди.
 
Ал Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезиндеги Кумтөр маселеси боюнча суракка алынгандыгын айтты. Мурдагы премьер-министрге тагылып жаткан айыптоолор түшүндүрүлгөн эмес.
 
«Өмүрбек Бабановдун эмнеге айыпталып жатканы боюнча түшүндүрмө берилген жок. Ошондуктан Өмүрбек Бабанов дагы, мен дагы эмнеге шектелип, эмне үчүн кармалганын түшүнгөн жокпуз. Ал 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин премьер-министр болгон. Ушул убакыт аралыгында ал Кумтөр боюнча эки гана чечим кабыл алган. Ал “Кумтөр Голд Компани” тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча комиссия түзгөн жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов тарабынан кабыл алган 16 миң 330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгарган”, - деп түшүндүрдү Амантур Абдырахманов.
 
Ал Өмүрбек Бабанов тарабынан мыйзам бузуулар болгон жок деп эсептейт.
 
“Өмүрбек Бабанов сурак протоколуна "Айыптоонун маңызы мага түшүнүксүз. Кылмыш кылууга өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм. деп жазды",-деди ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter