У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди


Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 28-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар алкагында эки өлкө ортосундагы соодага байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу, жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдөгү маселелерди чечүү өңдүү экономикалык кызматташтыктар талкууланат.

Тлеуберди Кыргызстанда эки күн болот. Президент менен, Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугат, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter