У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекке келген тажик жарандары кайра артка жөнөтүлдү


Кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандын 189 жараны кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.    
 
25-майга караган түнү Somon Air авиакомпаниясы менен Дүйшөмбүдөн Бишкекке учуп келген тажикстандык жарандар Кыргызстанга киргизилбей жатканы туурасында тажик маалымат каражаттары жазып чыкты.
 
Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" коюлган.
 
Бирок тажик тарап бул тууралуу расмий маалымат алышпаганын айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter