У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канада бийлиги Кумтөр боюнча кыргыз бийлигине таң калып турганын билдиришти


Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын Кыргызстандагы тоо кен тармагындагы акыркы окуяларга тынчсызданганын айтып, биргелешкен билдирүү жасашты.

"Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында "Центерра Голдго" көзөмөл жүргүзүү үчүн "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы боюнча билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал.  "COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter