У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Кумтөр Голд” компаниясы арбитраждык сотко кайрыларын билдирди


 "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүү жүргүзүүгө 45 күн берди. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, “Центерра Голддун” атынан кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө юридикалык компания кайрылган.
 
«Алар сүйлөшүүлөргө 45 күн убакыт беришти. Андан кийин арбитраждык сотко кайрылууну көздөп жатканын айтышты. Биз учурда эл аралык сотко кайрылууга даярданып жатабыз. Балким биз алардан биринчи эл аралык сотко кайрыларбыз. Эмнеси болсо дагы андан ары соттошобуз. Ошол себептен эл аралык юристтер мамлекеттик комиссия ишин токтотпой, соттор бүткүчө күчүндө болуп турсун деп жатышат», - деди эл өкүлү.
 
Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана санкция түрүндө 4 миллиард 952,8 миллион доллар карыз экенин белгиледи.
 
«Компаниянын баасы 2 миллиард 450 миллион долларга бааланган. Зыянды сот аркылуу өндүрүүгө аракет кылабыз. Биздин мыйзамдарга ылайык, эгер компания дооматтын суммасын төлөй албай калса, анда алардын мүлкү доогердин колуна өтөт. Компаниянын негизги эсеби Торонтодо, алар эмгек акыга гана жергиликтүү эсепке акча которушкан. Эгерде биз тышкы башкарууну киргизсек, анда майдан баштап алтын Кыргызстанда калат”, - деп белгиледи эл өкүлү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter