У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Уулум наркоман эмес. Бул жөнөкөй эле окуя". Иса Өмүркулов уулу катышкан жол кырсыгы тууралуу түшүндүрдү


Депутат Иса Өмүркулов уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат булактарына айтып берди.

"Кудай сактасын, уулум наркоман эмес. Бул жөнөкөй эле окуя. Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул.
Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок", - деди Өмүркулов.
Буга чейин Иса Өмүркуловдун уулу велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кеткени белгилүү болгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter