У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Мелис Аспековду сотко берет


     Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Асылбек Кочкоров активист Мелис Аспековдун Садыр Жапаров шайлоо учурунда Жээнбековдордон акча алган деген билдирүүсүнө карата маалымат берип, анын айткандарын четке какты. 
 
«Алдамчылыкка шектелген Мелис Аспеков социалдык тармактар аркылуу Жээнбековдор Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын каржылаган деген билдирүү таратты. Аспековдун бул билдирүүсү калп, биз аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүүнү көздөп жатабыз», -деди ал.
 
Эске салсак, пара талап кылууга айыпталып жаткан Мелис Аспеков президенттик шайлоо алдында Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алганган деген билдирүү тараткан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter