У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай Кыргызстандын тышкы карызын жеңилдетип, 54 миллион доллар грант бере турган болууда


Кытай Кыргызстандын экономикасына колдоо катары 54 миллион доллар өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаевдин Сиань шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагындагы кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

"Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын экономикасына колдоо катары 54 миллион доллар өлчөмүндө грант бергени турат. Ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөө мөөнөтүн жылдырган учурда кошумча акы албоо боюнча чечим кабыл алынды", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын ишин оптималдаштыруу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү жана Кыргызстанга Кытайдан инвестиция тартуу боюнча сөз кылышты.
Министр Ван И кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын жөнгө салынышын кубануу менен кабыл алганын айтып, Кытай бийлиги президент Садыр Жапаровдун реформаларын колдой турганын кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter