У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет


Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаевдин Сиань шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ван И менен макулдашылган.

"Кытай тарап гуманитардык жардам иретинде коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын дагы 150 миң дозасын берүүгө даяр экенин айтты. Ал эми Казакбаев Кытай бийлигине буга чейин коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter