Чек ара кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт
- 07.05.2021, 12:01,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чек ара кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине жана коопсуздук кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу маселеси кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалга чейин эле каралып келген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика министри Улукбек Кармышаков брифингде билдирди.
«Өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалып жаткан, ага ылайык бир жылга кошумча 700 миллион сом талап кылынган. Бул УКМКнын Чек ара кызматы үчүн гана зарыл болгон сумма. Кечээ биз бул маселени министрлер кабинетинин башчысы менен талкууладык. Маселе дээрлик чечилди, буйрукка кол коюу гана калды», - деди ал.
Анын айтканына караганда, чек ара кызматкерлеринин айлыгы 1-майдан тарта жогорулайт. Орто эсеп менен төлөм 5 миң сомго көбөйтүлөт. Майдан декабрга чейин бул үчүн болжол менен бюджеттен 460 миллион сом талап кылынат.