Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетип, анын ордуна Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду.
Жаӊы министр болуп шайланган Болотбек Купешев 61 жашта. Ал буга чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.
Эскертсе кетсек, бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров жаңы Башмыйзамга кол коюп, Министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти.