Улукбек Акмазиев: «Аллах Акбар» деген кыйкырык менен тажиктер биздин тозотко кол салышты-видео
- 04.05.2021, 17:15,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажикстандын чек арачылары бизге биринчи кол салды. Бул тууралуу "Кулунду" тозотунун башчысы Улукбек Акмазиев VB.KGге берген маегинде билдирди.
«Саат 16:00 чамасында Тажикстандын чек арачылары жана оор бронтехникалар чогулуп баштаганын байкадык. Болжол менен 17.45те миномет жана оор бронтехникалары менен бизге чабуул жасай башташты. Алар бир жарым саат бою минометтон ок чыгарышты. Андан кийин жөө аскерлери келди, алардын арасында карапайым адамдар да бар болчу»,-деди ал.
Биз тарап бул чабуул жөнүндө билген эмес деген чынбы? -деген суроого: «Бизде андай маалымат болгон эмес. Мен заставанын башчысы катары кандайдыр бир окуя болот деп болжолдогом, бирок биз мындай масштабдуу кол салууну күткөн эмеспиз. Бул ачыктан ачык агрессия болгон. Алар «Аллах Акбар»,- деп кыйкырышып, чек ара тозотуна кол салышты»,-деп жооп берген.