У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик Баткендеги гуманитардык жардамдын жетишсиздиги тууралуу маалыматты четке какты


 Социалдык тармактарда тарап жаткан Баткен облусунун жаңжалдан жабыркаган аймактарында гуманитардык жардамдын жетишсиздиги жөнүндө билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
 
«Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министри 60 тонна жүктү жеке өзү коштоп барган. Мындан тышкары, 3-майда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков дагы 26 тонна гумжардам алып барган. Муктаж болгондорго жардам чогултулуп, токтоосуз жеткириле баштады. Социалдык тармактарда айрым адамдар туура эмес маалымат таратышууда», - деди ал.
 
Расмий маалыматка ылайык, гуманитардык жардам күн сайын жеткирилүүдө. Райондордогу жергиликтүү бийлик жаӊжал учурунда жабыркагандардын так тизмесин жана алардын муктаждыктарынын тизмесин түзүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter