Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине милдеттүү түрдө кабыл алууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аларды билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу, турак жай менен камсыз кылуу жана андан аркы интеграция маселелери талкууланган жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкө мыйзам чыгаруу жана өкмөттүк деңгээлде көптөгөн тиешелүү программаларды кабыл алган. Бирок балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдордо окутуунун жана андан ары иш менен камсыз кылуунун кепилденген механизмдери жок.
«Ошол эле учурда, биз энергетика, ветеринария, билим берүү тармактарында бир катар адистиктер боюнча кадрлар жетишсиз деп жатабыз. Балдар мекемелерден чыгарылгандан кийин, адистештирилген кызматтар алардын мындан аркы тагдыры жана жумушка орношуусу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзбөйт », - деп белгиледи Артем Новиков.
Белгиленгендей, социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жашаган орду боюнча учетко турууда, паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болушат, мектептеги төмөнкү сапаттагы билими ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүндүк бербейт, ошол эле учурда турак-жай маселеси келип чыгат.
«Алардын сойкулукка, кылмыш дүйнөсүнө тартылышы тууралуу жаңылыктарды угуп, таң калабыз. Эгерде мамлекет тараптан алардын жашоодогу ордун табуусуна шарт түзүлүп берилбесе, алар кандай кылышы керек?», - деди Артем Новиков.
Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үстүбүздөгү жылдын апрель айында балдар үйүнөн чыккан абитуриенттерди ЖОЖго тапшырууга тийиштүү деңгээлде даярдап чыгуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Үстүбүздөгү жылдын июль айында жатаканада орун берилүү менен ЖОЖдордогу 100 кем эмес гранттык орун камсыздалышы тийиш. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуусу тийиш. "Мыкты натыйжаларга ээ болгон балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү квоталардын алкагында чет элдик ЖОЖдорго окууга жөнөтүлөт, кайткандан кийин кепилденген түрдө Кыргыз Республикасында ишке орноштурулат. Биз кадрларды бөлүштүрүү тутумун, аны алгачкы баскычта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн калыбына келтирүүбүз керек", - деп жыйынтыктады Артем Новиков.