Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара жаңжалынын натыйжасында Баткен облусунда жалпысынан 120 турак үй жана 84 социалдык объект талкаланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ага ылайык,120 үй, 84 объект (мектеп, ФАП, бала бакча, Ички иштер министрлигинин имараты, төрт чек ара заставасы, медициналык пункт, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүрүүчү станция, 27 май куюучу жай, 34 чекене соода борбору соода түйүндөрү, беш ашкана жана үч тойканалар) талкаланган.
Ошондой эле ал ведомстволор аралык комиссия өз ишин жеринде улантып жаткандыгын белгиледи.