У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара жаңжалында жабыркаган жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

 
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга документтерди калыбына келтирүү акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акин Мамбеталиев бүгүн брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, Лейлек районунда 40 миңден ашуун адам бар. Азыр документтерди калыбына келтирүүгө муктаж болгондордун тизмеси түзүлүп жатат. Документтерди берүү үчүн жарандардын маалыматтары Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри аркылуу текшерилет. Эгерде анда жок болсо, анда архивдик документтер көтөрүлүп, инсандыгы тастыкталат.
 
«Бизде бардык керектүү шаймандар менен жабдылган мобилдик топтор бар. Эч жакка баруунун кажети жок. Алар келип документтерди бекер жасашат - паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаа күбөлүктөрү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Биздин эмгек жамаат бир күндүк эмгек акыларын жарандар документтеринин акысын  төлөө үчүн которобуз деп чечишти», - деди Акин Мамбеталиев.
 
Ошондой эле ал, эгерде кимдир бирөө документтерди калыбына келтирүү үчүн тизмелер түзүлгөн жерге бара албай жатса, анда 119 номери боюнча call-борборуна чалса боло турганын, чалуу акысыз экенин кошумчалады.
 
«Биздин адистер документтерди калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүшөт. Ал эми жер жана кыймылсыз мүлк боюнча документтерге келсек, эми алар менен башка мекеме – «Кадастр» алектенет. Алардын жетекчилиги дагы жабыркагандарга жардам берет деп ойлойм», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter