У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиев: Кагылышуу болорун алдын ала билгенбиз


 Кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз. Маалымат бар болчу. Ошого карата алдын ала даярданып техниканы киргизип турганбыз. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Максат айылындагы жолугушууда билдирди. 
 
"Кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз. Маалымат бар болчу. Ошого карата алдын ала даярданып техниканы киргизип турганбыз. Ушундан улам биринчи күнү ири кагылышты токтоттук. Биздин деле күчүбүз жетет эле. Бирок "битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дегендей кылдык", — деди Ташиев.
 
Ташиев мамлекет адам өлүмү көбөйбөшү үчүн согушту токтотууга аракет кылганын кошумчалады.

Ошондой эле Ташиев эки тарап кол койгон протокол тууралуу берилген суроого кыскача жооп берди.
 
"Биринчиден, чек ара тилкелеринен оор техникаларды, аскерлерге тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып чыгып кетүү, экинчиден, ар бир мамлекет өзүнүн чыр-чатакка чейин ээлеген жеринде гана калуу макулдашылды. Үчүнчүдөн, келишимдердин аткарылышы боюнча комиссия түзүлүп, ал жеринде маселелерди териштирип, карап, чечип турат. Ошонун натыйжасында түн жакшы өттү, ок атуу, ызы-чуу жана башка укук бузуулар болгон жок", — деди Ташиев.
 
Булак: sputnik.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter