Лейлек районунун Маргун айылында эвакуацияланган Арка айылынын тургуну 43 жаштагы Чынара Шамшиева каза болду. 24.kg маалымат агенттигине маалыматты жергиликтүү поликлиниканын дарыгери Досбой Туркулов тастыктады. Анын айтымында, аялдын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
«Мен келгенде ал эбак эле каза болуп калган. Анын инсульт болгон деп шектенип жатам», - дейт Досбой Туркулов. Чынара Шамшиеванын сөөгү бүгүн жерге берилди. Анын балдары Бишкекте, апасы менен коштошо албай жатышат.
«Анын үч баласы бар. Уулу армияда, кыздары борбордо жашашат. Бир гана күйөө бар. Ал биз сыяктуу эле, стресстик абалда болчу», - деди жергиликтүү кеңештин депутаты Айнура Тургунова.
Белгилей кетсек, Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан төрт айылынын тургундары Маргунга эвакуацияланган.