Чек ара чыры: 20 миӊден ашуун жай тургундар эвакуацияланды
- 30.04.2021, 12:17,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунан 7 миӊ адам Баткен шаарына көчүрүлсө, Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардан 13,5 миң жаран коопсуз жайга чыгарылган.
Алар коопсуз аймактардагы мектептерге жайгаштырлууда. Айрымдары туугандарынын үйүнө кетип жатканы айтылды. Ошондой эле Баткендеги жеке мейманкалар да чек арадагы айылдардан келген жарандарды кабыл алууда.