У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арага жакын аймактарда абал курч бойдон калууда


 Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы маалымат каражаттарына билдирди.
 
«30-апрелде эртең менен Баткен облусунда кырдаал турукташып, атышуулар токтотулду. Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Централный, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда чек ара аймактарында абал курч бойдон калууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чыр-чатактын күчөп кетишине жол бербөө үчүн күч-аракетин жумшап жатышат», - деп жазылат ШИИБнин маалыматтында.
 
Чек арадагы чырдан 134адам жарадар болуп, 13 адам каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter