"Кийимдери кан". Баткенде чек арага жакын жерден жоголгон балдар изделе баштады
- 24.04.2021, 13:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Буга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден 2 бала жоголду делген видео тараган. Видедо Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан цехте иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган. Аял балдарынын биринин уюлдук телефону жаткан жеринде калганын, бут кийимдеринде кандын тагы бар экенин айткан.
Учурда аларды издөө иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
Бердигулованын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустук күч түзүмдөрүнө чек арада катталган окуя боюнча балдарды издөө тапшырмасын берди. Учурда Лейлек району менен чектешкен Тажикстандын Гафуров районунун күч түзүмдөрүнө кат жолдонду.
"
Дайынсыз болуп жаткан балдар 19 жана 21 жаштагы Эски-Оочу айылынын жашоочулары экендиги аныкталды. Алардын биринин кол телефону алар түнөгөн чатырда калган", - деди Бердигулова.
Ал кошумчалагандай, экинчи баланын кол телефону өзү менен кошо болушу мүмкүн.