У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиев Кыргызстанга учуп келе жатканын билдирди


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга учуп келе жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
 
"Урматтуу кыргыз элим! Мен кечээ эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым. Ооруканага жетпей кайттым, буюрса түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилеймин, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз", — деп жазды Ташиев.
 
Эске салсак, УКМК Камчыбек Ташиевди дарылануу үчүн чет жакка чыгып кеткенин билдирген эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter