У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын башчысы Ташиев Германиядан учуп келип, Баткенге барат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 18-февралда саат 10:00дө Германиядан Бишкекке учуп келип, Баткенге жөнөйт. Бул тууралуу маалымат булактары жазышууда.

Анда “тийиштүү маселелер жеринде каралат", - деп жазылган. Соңку күндөрү Баткен районунда, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Тажикстан, Өзбекстанга чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн. Анда чогулгандар өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ташиев чет жакка доктурдун сунушу боюнча барууга мажбур болуп жатканын билдирип, 6-февралда жөнөп кеткен.
52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter