Садыр Жапаров: Казинолорду ачуу боюнча мыйзам долбоорун депутаттар туура эле колдоп жатат
- 21.04.2021, 15:55,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан биринчи окууда кабыл алынгандыгы боюнча жеке пикирин билдирди
"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн эмес, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы кара пиар жасап жатышат", — деди Жапаров.