У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар чет элдиктер үчүн казино ачууну сунушташууда

 
Жогорку Кеңештин депутаттары - экс-спикер Дастанбек Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүүнү сунушташты. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
 
Авторлордун айтымында, кумар оюндарына тыюу салуу мамлекеттик бюджеттен жылына 600 миллион сомду жоготуусуна жана 11 миңден ашуун жумуш орундарынын жабылышына алып келген. Эл өкүлдөрү белгилегендей, казинолор керек, бирок адистештирилген административдик аймакта чет өлкөлүктөр үчүн гана ачылат.  Зона жергиликтүү жарандар үчүн жабык болот.
 
«Адистештирилген административдик район, анын ичинде көңүл ачуучу жана оюн-зоок комплекси жөнүндө» мыйзамдын долбоору Россиянын, Казакстандын, Сингапурдун, АКШнын, Монаконун жана Кытайдын Макао автономиялык аймагынын тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан», - дейт демилгечилер.
 
Казинону «Тамчы» аэропортунун аймагында курууну болжолдолгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter