Ташы жогору кулаган "Өнүгүү-Прогерсс"...
- 15.04.2021, 10:24,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 17 шаарга катышып, 14 шаардан өтүшү бул туруктуу фундаменталдык электораты бар экендигин далилдеди. Эч кандай административдик ресурсу, ири өлчөмдө акча каражаты жок элдин ишенимине ээ болуп, ийгилик жарата алышты.
Демек, элдин колдоосу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан жасалып жаткан иштер өз жемишин берип жатканын айгинелейт. Ошол эле МТС, "Жарык шаар", "Жүрөгүңдү сакта" долбоору мамлекеттик масштабда ири долбоорлорго айланганын танып болбойт.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын деңгээли жогорулап, барган сайын арышы кеңейип жатканы партия лидери Бакыт Төрөбаевдин уюштуруучулук жөндөмү бийиктигин, арканды алыска таштаган сабырдуу көрөгөчтүгүн көрсөтүп турат.