«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык фактылар аныкталды
- 19.03.2021, 18:19,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

«Ала-Арча» жаратылыш паркында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, «Ала-Арча» мекемесинин балансында турган жаныбарлардын иш жүзүндөгү жана документалдык санын текшерүү учурунда 39 жылкы жана 26 топоз жетишсиздиги аныкталды.
Жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3 миллион 700 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. УКМК тергөө иштерин улантууда.