Активист Тилекмат Күрөӊов бир айга камакка алынды. Ал ачкачылык жарыялай турганын айтты
- 17.03.2021, 15:41,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кармалган активист Тилекмат Күрөӊов бир айга тергөө абагына камалды. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кабыл алды.
«Бүгүн саат 16:00дөн баштап мен толугу менен ачкачылык жарыялайм», - деди ал.
Эскерте кетсек, активист Тилекмат Күрөӊов 15-мартта кармалган. Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери активисттин фейсбуктагы билдирүүлөрүнөн бийликти күч менен басып алуу чакырыктарын тапкан.