У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Активист Тилекмат Күрөӊовдун атасы: «Садыр Жапаровду колдоп 2013-жылы 44 күн түрмөдө отургам»


 Кармалган активист Тилекмат Күрөӊовдун атасы Кудайберген Күрөӊов Vesti.kg берген маегинде уулу Тилекмат камакка алынганга үч күн калганда Садыр Жапаровдун адамдары ага телефон чалып, кандайдыр бир кызмат жана акча сунуштап, Конституциянын долбооруна каршы чыгууну токтотууну талап кылганын айтты.
 
«Ага чейин, мага жана менин уулума бир нече жолу Садыр Жапаровдун командасына кошулуп, чоң кызматтарга баруу сунуштары түшкөн, бирок менин балам ал жерде көптөгөн алдамчылыктар болуп жаткандыгын айтып, мыйзамдуу жол менен кетүүнү каалап, кызматка баруудан баш тарткан.
Үч күн мурун эле, президенттин адамдары менин уулума каалаган кызмат ордун жана акча сунуштаган. Өз кезегинде алар андан Баш мыйзамга каршы чыкпоосун өтүнүштү. Менин уулум баш тарткан, анткени ал өз чындыгына бекем ишенген,-деди атасы. 
 
Кудайберген Күрөӊов белгилегендей, алар буга чейин Садыр Жапаровду ар дайым колдоп келишкен. Ал Садыр Жапаровдун айынан 44 күн абакта отурганын кошумчалады. 
 
«2013-жылы мен "Соң-Көл" форумунда 44 күн түрмөдө отурдум. Алар менден Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алабыз дешти, бирок мен каршы көрсөтмө берген жокмун. Биз ар дайым президентти колдоп келгенбиз, бирок эң негизгиси - акыйкаттык. Азыр мени колдоп, коркпо деп суранган жигиттерге рахмат. Акыйкаттык жеңет деп ишенем», -дейт ал. 
 
Булак: vesti.kg
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter