У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку сот кримтөбөл Дөө Чыңгыздын ишин карап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды


 «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун иши бүгүн Жогорку сотто каралып, ал буга чейинки инстанцияны колдогон чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, Жогорку сотко Жумагуловдун тарапташы арыз менен кайрылган. Жогорку сот Жумагуловду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. 
 
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагуловду боюнча 2020-жылдын 19-июнунда 5 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. 
 
Жумагулов эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип өткөн жылы 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter