Коррупцияга шектелип кармалган депутат Дүйшөн Төрөкулов бүгүн жыйынга келди
- 11.03.2021, 11:02,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМК тарабынан 15 -январда коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеӊештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына келди.
Ал кечээ Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарганын айтты.
Эске салсак, Төрөкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 15-январда кармалган. Ал Ош шаарындагы тери иштетүүчү фабриканы коррупция жана рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелүүдө.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилген.