Коррупцияга шектүү деп, депутат Дүйшөн Төрөкуловду УКМК кармап кетти
- 16.01.2021, 10:30,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коррупцияга шектелип, Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген. Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат.