Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар берет
- 09.03.2021, 16:28,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзбекстан Кыргызстанга ар кандай экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда белгилүү болду.
Депутаттар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимди ратификациялоону жактырышты. Ага ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт. Анын курамына Кыргызстандын өкүлдөрү кирген директорлор кеңеши түзүлүп, директорлор кеңешине Өзбекстандан үч, Кыргыз Республикасынан эки өкүл кирет.
Эске салсак, 2017-жылы, Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке жасаган биринчи иш сапарында тараптар каржылык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле, фонд түзүүнү караган. Келишим эми ишке ашууда.