Айбек Бузурманкулов: «Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду…»
- 09.03.2021, 16:10,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жакында кызматтан алынган өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулова кызматтын тапшырып берди. Ал кызматтан алуу саясий чечим болгонун фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду. Жерүй боюнча карманган позициям себеп болду деп эсептейм. Кыргыз элине кызматымды уланта берем. Алдыда көп иштер бар.
Эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздер менен сыймыктанам. Баарыңыздар өз ишин мыкты билген кесипкөй кызматкерсиздер. Баарыңыздарды жакшы көрөм.
Оор күндөрү колдоп жүргөн баардык тилектештериме, досторума терең ыраазычылык билдирем.
Жакында Жерүйдөгү мыйзам бузуулар, эл аралык таасир, саясий интригалар ж.б. боюнча кенен пресс-конференция берем.
Садыр Жапаров Нуркожоевичке өлкөбүздөгү оор күндөрү Талас облусуна жоопкерчиликтүү кызматка дайындагы үчүн ыраазычылык билдирем.
Жаңы облус жетекчисине ийгилик каалайм», -деп жазды ал.