Азиз адамды "көзү эле эмес, көөдөнү да сокур" деп жазган Жапаров, аккаунтун бузуп киришти деп актанды
- 04.03.2021, 11:08,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык тармактарга ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев "Жаңы "Ханституция" элдин шору болот" деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген ат менен катталган аккаунт"Бул акмактын көзү эле эмес, көодөнү да сокур экен" деген комментарий жазган.
Ал эми Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаганын билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Акыркы комментарийлерге мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт", — деген Байтерек.