У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 активдүү мүчөсү кармалды...

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган төрт адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
 
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурда милицияга бир киши арыз менен кайрылган. Арызда аны бир адам коркутуп акча опузалаганы айтылган. Бул факт бирдиктүү реестрге «Акча опузалоо» беренеси менен катталган.
 
Арыздын негизинде ыкчам иш-аракеттер жүрүп ШИИБ «Цапля» жана «Рина» деген ат менен таанымал болгон Көлбаевдин УКТсынын эки мүчөсүнүн изине түшүп, алар менен бирге дагы бир шектүүнү кармашкан. Ошондой эле курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү иш үстүндө Көлбаевдин УКТсынын дагы бир мүчөсүн кармалган. Ал адамдан курал табылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter