У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын коргоо министри Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен кезикти


Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашкан. Ошондой эле Борбордук Азияда стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо чөйрөсүндө чогуу аракеттенүүнү талкуулашкан.Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter