У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтөт


Бүгүн, 15-февралда саат 10:30да өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтөт. Бул тууралуу Чек Ара коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков билдирди. Айтымында, алар нааразычылык акциясы менен өкмөткө чек арадагы маселе чечиле турган биринчи маселе экенин дагы баса белгилеп, эскертүүнү көздөп жатышат.

“Биз бул митингди аргасыз уюштуруп жатабыз. Анткени бийлик тараптан бул маселеге кайдыгер мамиле жасалып, эч кандай реакция болбой жатат. Айрыкча азыркы президентибиз негизги көйгөйлүү маселеге көңүл бурбай, ич ара болуп жаткан майда интригалар менен алек болуп калды. Өзүңүздөр көргөндөй Баткенде Тажик тарап Ак-Сайдагы жер тилкеге уруксатсыз көчөт отургузганын жана башка окуяларга кайдыгер карай албайбыз”,- дейт Исаков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter