У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мухаммедкалый Абылгазиевдин байлыктары – фото


Бийликтин жогорку эшелонундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан коррупция жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, мамлекеттин жана республиканын жарандарынын кызыкчылыгына каршы, негизсиз жана улуттук мыйзамдарды бузуп, өкмөттүн токтомуна кол койгон. Ага ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына  жаратылыш коругунун аймагынан 26,3 миң гектарды жерди алтын казуу үчүн берген. Бул аймакта мөӊгүнүн эӊ чоӊ запасы бар. Эгер казуу иштери башталса Ысык-Көл биосфералык аймагынын флорасы жана фаунасы үчүн экологиялык кесепеттерге алып келет, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык тутумун бузулат. 
 
Мындан тышкары, Абылгазиев мамлекеттик кызматта жүргөндө, өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашып, мыйзамсыз көбөйткөн. Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерине ээ болгон, ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга каржылык инвестицияларды жумшаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн бул мүлк муляждардын атына катталган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter