У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери пара берип жатканда кармалды


УКМКнын басма сөз кызматы  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты.

"27-ноябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды. Ал УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген.
Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter