У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


5-октябрдагы митингде жаракат алгандар Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышууда


 
2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтындагы нааразычылык акциясына чыккандарды күч менен таратуу учурунда жаракат алгандар Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышты. Алар Сооронбай Жээнбековду укук коргоо органдарына митингчилерди күч менен таркатуу буйругун бергени үчүн жоопко тартууну жана аны өлкөнүн экс-президенти статусунан ажыратууну талап кылышууда.
 
Өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн, алар “Кыргыз Үмүтү” Октябрь Элдик Революциясынын Баатырлары коомдук бирикмесин түзүштү.
 
 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда 1221 адам жаракат алган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон. Жүздөн ашык адам ооруканага жаткырылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter