У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдил Сегизбаевдин жубайын жана тарапташтарын милиция кармап кетти

 
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Сегизбаевдин социалдык тармактарындагы расмий баракчасында маалымдалды. 
 
Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 28-январда филармониянын имаратынын жанына митингге чыккан. Митингге чыкккан Абдил Сегизбаевдин бир катар тарапташтары милицияга жеткирилгени маалымдалды.
 
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди. 
 
Эске салсак, бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы  филармонияда өтүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter