У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаныш Бакиевдин аялы Кыргызстанга келди, эми чыгармачылыгын улантат...


Кыргызстандын мурдагы президенти, учурунда анын бийлигине каршы чыккандарды аёосуз аттырып, күч менен элди токтотууга аракет кылып, анысынан майнап чыкпай калганда өлкөдөн качып кеткен Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу Орозгүл Токторбаеванын сахналаш достору социалдык тармактардагы баракчаларына жазып чыгышты. Ал убагында  “Достор” тобу менен чогуу ырдап жүргөн.

"Арабызга келип кошулганыңа кубанычтабыз, баштаган ишиңе ийгилик каалайбыз" дешти топтун солисттери. 

Орозгүл Токторбаева Кыргызстандан 2010-жылы 7-апрелден кийин чыгып кеткен. Жаныш Бакиев Кыргызстанда сыртынан соттолгон. Ага бир катар адамдарды өлтүрүүнү уюштурган деп күнөө коюлган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter